Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык сынак жарыялайт

Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын негизинде Башкы-Б, Улук-А,Б,    (Айыл өкмөт башчысынын орун басары, бөлүм башчы,  башкы адис-юрист, Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси, Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адиси) кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн

Ачык сынак жарыялайт

   Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:

  1. Кыргыз Республикасынын жараны болууга;
  2. 18 жаштан жаш болбоого;
  3. Соттуулугу жок.

Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө:

Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

–Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;

–“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;

–“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамын;

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамын;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын;

-“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамын;

-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы;

– “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамын.

Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:

–Кыргыз Республикасынын Конституциясын;

–“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын  мыйзамын;

-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамын;

– “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын;

-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын   мыйзамын;

– Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы;

  Квалификациялык талаптар

Башчысынын орун басары (Б-А) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: (1 бирдик)

 Кесиптик билим деңгээли:

Жогорку кесиптик билим

-төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: “Гуманитардык илимдер” багытында “Юриспруденция”, “Филология” адистиктери боюнча жана “Экономика жана башкаруу” багытында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”, “Менеджмент”, “Экономика” адистиктери боюнча жогорку билим.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

  • мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы 3 жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 5 жылдан кем эмес иш стажы;

  Квалификациялык талаптар

Бөлүм башчынын (У-А) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: (1 бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку кесиптик билим

– төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: “Экономика жана менеджмент”, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” боюнча жогорку билим.

            Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

  Квалификациялык талаптар

Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси (У-Б)  административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:  (1 бирдик)

Кесиптик билимдин деңгээли:

Жогорку кесиптик билим

– төмөнкү чөйрөлөрдөгү башкы адиске – жогорку кесиптик билими: айыл чарба (агроном), жер багытындагы (картограф, жерге жайгаштыруу инженери), юриспруденция багытындагы.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

– Башкы адиске: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы

  Квалификациялык талаптар

Башкы адис-юрист (У-Б) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:  (1 бирдик)

Жогорку кесиптик билим

Кесиптик билимдин деңгээли:

– кесиптик билимдин адистиги (юриспруденция) кызмат оруну боюнча иш милдеттерине шайкеш келиши керек.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стаж.

  Квалификациялык талаптар

Коомдук саламаттыкты сактоо жана социалдык маданий маселелер боюнча башкы адиси (У-Б) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:  (1 бирдик)

Жогорку кесиптик билим

Кесиптик билимдин деңгээли:

– кесиптик билимдин адистиги (багыты) кызмат оруну боюнча иш милдеттерине шайкеш келиши керек.

Стажы жана иш тажрыйбасы:

– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стаж.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

– өзүнүн арызы;

– резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

– нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

– илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

– паспорттун көчүрмөсү (Түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).

Талапкерлердин документтери жарыяланган күндөн тартып 15 (он беш) календарлык күндүн ичинде сынакттык комиссия тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Дареги: Кашка-Суу айылы Туюк көчөсү №15. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мекемеси. Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номерлер: 0773 43 82 79, 0772 15 82 82.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген