ЖРТдан 205 балл алган бүтүрүүчүгө сыйлык тапшырылды

731438751 994980496736744 8243539067147637427 n

2026-жылдын 25-июнунда Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Абдыразак Исматиллаевич Кудратиллаев 2025–2026-окуу жылындагы Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында 205 балл алган Кара-Кабак жалпы билим берүү мектебинин бүтүрүүчүсү Шайыргүл Эмилбековна Ормошованы жана аталган мектептин директору А. Курбаналиевди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө айыл өкмөтүнүн башчысы бүтүрүүчүнү жогорку көрсөткүчү жана жетишкен ийгилиги менен куттуктады. Шайыргүл Ормошовага Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн «Ыраазычылык баракчасы» жана 10 миң сомдук сертификат тапшырылды.

Абдыразак Кудратиллаев бүтүрүүчүгө мындан аркы окуусунда ийгиликтерди, жаңы жетишкендиктерди жана жаркын келечек каалады. Ошондой эле Кара-Кабак жалпы билим берүү мектебинде ушундай алдыңкы окуучулардын саны мындан ары дагы көбөйө беришине тилектештигин билдирди.

Кашка-Суу айыл өкмөтү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген