Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаевдин Чоң-Алай районунун тургундары менен жолугушуулары 18-июнда өткөрүлөт.
Жолугушуулардын графиги:
Саат 10:00 — Жекенди айыл өкмөтү
Өтүүчү жери: Кара-Мык айылындагы Ленин атындагы орто мектептин спорт залы.
Жолугушууга төмөнкү айылдардын тургундары катышат:
Кара-Теит, Кара-Мык, Жекенди, Шибээ жана Чулук.
Саат 14:00 — Чоң-Алай айыл өкмөтү
Өтүүчү жери: Дароот-Коргон айылындагы Б. Акимбеков атындагы райондук маданият үйү.
Жолугушууга төмөнкү айылдардын тургундары катышат:
Кулчу, Сары-Булак, Жар-Башы, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон жана Кызыл-Эшме.
Саат 16:30 — Кашка-Суу айыл өкмөтү
Өтүүчү жери: Кашка-Суу айылындагы Эсенгелди уулу Максатбек атындагы орто мектептин спорт залы.
Жолугушууга төмөнкү айылдардын тургундары катышат:
Бурган-Суу, Кара-Кабак, Кашка-Суу, Жайылма, Ачык-Суу жана Кабык.
Райондун тургундарын жолугушууларга активдүү катышууга чакырабыз.
Маалымат булагы: Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы.