A PHP Error was encountered

Severity: Notice

Message: Undefined index: title_kg

Filename: kg/Main.php

Line Number: 1074

Backtrace:

File: /var/www/user60117/data/www/kashka-suu.gov.kg/application/controllers/kg/Main.php
Line: 1074
Function: _error_handler

File: /var/www/user60117/data/www/kashka-suu.gov.kg/index.php
Line: 308
Function: require_once

"Кашка-Суу" айыл өкмөтү |
Загрузка...
Kashka-suu@inbox.ru +996-3237 -2-22-0 5

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу айыл аймактагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Токтом №1

2025-жылдын 26-февралы

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу айыл аймактагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2025-жылдын 17-февралындагы № 9858 сандуу турак имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмдөрүн бекитүү тапшырмасын карап чыгып, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу айыл аймактагы турак-жай имараттары жана жайлары үчүн ставкалардын өлчөмү, тактап айтканда жашоо аянты 360 чарчы метрден ашкан 1 чарчы метр үчүн 10 (он) сомдон болуп бекитилсин.
  2. .Кашка-Суу айыл аймагында жашаган жергиликтүү тургундарга жогоруда белгиленген ставка  боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге жана айыл өкмөтүнүн коомдук коопсуздук, өзгөчө кырдаалдар жана кирешелер боюнча жетектөөчү адис К.Акунбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Аксакалдар сотунун  Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Токтом №2

2025-жылдын 26-февралы

Кашка-Суу айылы
Аксакалдар сотунун Типтүү Регламентин бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Аксакалдар сотунун Типтүү Регламенти тиркемеге ылайык  бекитилсин.
  2. Регламенттин негизинде иш алып баруу жагы аксакалдар сотунун төрагасы   К.Мамараимовго милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кеңештин укук тартип, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар  менен байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин

2025-жылдын 26-февралындагы

№2токтомуна тиркеме

Аксакалдар сотунун

ТИПТҮҮ РЕГЛАМЕНТИ

 

1. Жалпы жоболор

          1.Бул Регламент Кыргыз Республикасынын Конституциясына, “Аксакалдар соттору жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам), Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдарына ылайык аксакалдар сотторунун ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу боюнча ишин уюштуруунун эрежелерин белгилейт

    2. Аксакалдар соттору – ыктыярдуу жанажергиликтүү коомчулуктун колдоосунда, шайлануунун жана өз алдынча башкаруунун негизинде түзүлүүчү, Мыйзамда белгиленген тартипте жана учурларда жарандардын, жарандар менен юридикалык жактардын ортосундагы талаш-тартыштар жөнүндө иштерди (материалдарды) кароону жүзөгө ашырууга чакырылган коомдук орган.

          3. Аксакалдар соттору Мыйзамда аныкталган тартипте айыл аймактын жана шаардын аймактарында жарандардын чечими боюнча уюштурулат.

          4.Аксакалдар сотторунун ишинин укуктук негизин Кыргыз Республикасынын Конституциясы, аталган Мыйзам жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары түзөт. Аксакалдар соттору өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, Кыргызстан калкынын тарыхый калыптанган салттарынан жана үрп-адаттарынан келип чыккан моралдын жана адеп-ахлактын ченемдерин жетекчиликке алат.

           5.Аксакалдар сотторуна Мыйзам менен жарандардын бузулган же талашып жаткан укуктарын, мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо же аларды жараштыруу; мыйзамдуулукту бекемдөөгө, укук тартибин сактоого көмөктөшүү, социалдык чыр-чатактарды баштапкы этабында жоюуга катышуу; жарандарды мыйзамдарды, моралдын ченемдерин, адеп-ахлакты, Кыргыз Республикасынын элинин мыйзамдарга карама-каршы келбеген үрп-адаттарын жана салттарын урматтоого тарбиялоо милдеттери жүктөлгөн.

           6.Аксакалдар соттору ушул Регламенттин 5-пунктунда көрсөтүлгөн милдеттерди чечүүдө ынандыруу, коомдук таасир этүү, тараптарды жараштырууга жетишүү жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбеген адилеттүү чечим чыгаруу жолу менен иш алып барат.

             7.Аксакалдар сотторунун актылары чечим жана аныктама түрүндө чыгарылат. Аксакалдар соттору каралган иштин маңызы боюнча чечим, ал эми териштирүүнүн жүрүшүндө чечүүнү талап кылган айрым маселелер боюнча аныктама кабыл алышат.     Чечимге аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коѐт. Аныктама аксакалдар сотунун жыйыны учурунда кабыл алынса, аныктамага аксакалдар сотунун төрагасы же төрагалык кылуучу кол коѐт, аныктама материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо учурунда кабыл алынса, аныктамага материалды аксакалдар сотунун жыйналышында кароого даярдоо жүргүзгөн аксакалдар сотунун мүчөсү кол коѐт.

             8.Аксакалдар сотунун чечимдери жана аныктамалары, аксакалдар сотунун жыйналыштарынын протоколдору аксакалдар сотунун төрагасы, аксакалдар сотунун мүчөлөрү менен макулдашуунун негизинде, аксакалдар сотунун иш кагаздарын жүргүзүүгө жооптуу болуп аныктаган аксакалдар сотунун мүчөсү (мындан ары – катчы) тарабынан таризделет.

2. Иштерди (материалдарды) кароого даярдоо

                9.Аксакалдар сотторунун кароосуна келип түшкөн бардык материалдар (иштер  жана арыздар) келип түшкөн күнү атайын журналга катчы тарабынан катталат.

          10.Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндө карайт.

          11.Аксакалдар сотунун төрагасы же төраганын тапшырмасы менен аксакалдар сотунун мүчөсү келип түшкөн иш (материалдар) менен 5 календардык күндүн ичинде алдын ала таанышып чыгып, Мыйзамдын 7, 19 жана 22-беренелеринин талаптарын эске алып, аксакалдар сотунун компетенциясына кирер-кирбесин, ушул ишти аксакалдар сотунун кароо мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруучу жагдайлар бар же жок экендигин, олуттуулугу боюнча ишти кароо үчүн андагы материалдардын жетиштүүлүгү тууралу корутунду түзөт. Корутундуда иштин иш жүзүндөгү жагдайлары, аксакалдар сотунун кароосуна тартылып жаткан адамдын ким экени жөнүндө маалыматтар жана аксакалдар сотунун өндүрүшүнө кабыл алуу же аны кайтарып берүүнүн негиздерин көрсөтүү менен кайтарып берүү жөнүндө сунуш көрсөтүлөт.

         12.Корутунду аксакалдар сотунун жыйналышында каралат. Анын жыйынтыгы менен төмөнкүдөй чечим ( аныктама) кабыл алынат: - иш (материал) тиешелүү аксакалдар сотунун компетенциясына тиешелүү болуп, кошумча материалдарды суратуунун зарылдыгы жок болсо ишти өндүрүшкө алуу жөнүндө; Ишти (материалдарды) кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. 2 Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт; - иш (материал) аксакалдар сотунун компетенциясына кирбеген же ал аксакалдар сотунун кароосуна жатпаган учурда кайтарып берилет; - ишти кароого алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама кабыл алынат жана арыз ээсине жазуу жүзүндө жооп жиберилет; - кошумча материалдарды суратып алуу жана аларды иликтөө зарыл болгон учурда ишти (материалдарды) кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин узартылат.

          13.Аксакалдар сотунун жыйналышында ишти (материалды) кароонун кароо күнү, убактысы, орду жана катышуучулары аксакалдар сотунун төрагасы тарабынан аныкталат. Катышуучуларга кабарлоо күн мурунтан, бирок кеминде 3 күн мурда жүргүзүлөт. Кайтарылып берилген материалдардын ээлерине себебин көрсөтүү менен жооп, мөөнөтү узартылган кайрылуу ээлерине себебин көрсөтүү менен билдирүү жиберилет.

        14.Ишти (материалдарды) кароо 18 жашка чейинки адамдарга байланыштуу болгондо аксакалдар соту алардын мыйзамдуу өкүлдөрүн (ата-энесин, көзөмөлчүсүн, камкорчусун, алар жок болгондо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлерин), алардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо үчүн ишти олуттуу кароо боюнча отурумдун убактысы жана орду тууралуу кабарландырат.

        Аксакалдар сотуна он сегиз жашка толо элек адамдарды алардын мыйзамдуу өкүлдөрүсүз чакырууга, тарап (арыз ээси, жоопкер) жана күбө катары катышуусуна жол берилбейт.

3. Аксакалдар сотторунун иштерди (материалдарды) кароосунун тартиби

         15. Аксакалдар соту иштерди (материалдарды) өздөрүнүн жыйналышында карайт. Аксакалдар сотунун жыйналышы зарылчылыгына, материалдардын келип түшүшүнө жана кароого даяр болушуна жараша өткөрүлөт.

        16.Аксакалдар сотторунда териштирүү ачык жүргүзүлөт. Аксакалдар соту тараптардын биринин өтүнүчү боюнча, 18 жашка толо элек адамдардын жашоосунун жеке жактары жөнүндө маалыматтардын ачыкка чыгышына жол бербөө максатында үй-бүлөлүк талаш-тартыштар, ошондой эле жеке жана башка мүнөздөгү сырды камтыган башка иштер боюнча териштирүүнү жабык жыйналышта жүргүзөт.

        17.Мыйзамдын 10-беренесинде аныкталгандай, аксакалдар сотторунун өндүрүшү мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Аксакалдар соту тараптардан ар кандай жазуу жүзүндөгү материалдарды иш каралып жаткан тилге которууну талап кыла алат.  Ишке катышып жаткан жана аксакалдар сотунун жыйналышы жүргүзүлүп жаткан тилди билбеген жактар котормочунун (сурдокотормочунун) кызматынан пайдалана алышат. Котормочунун катышуусун өтүнмө берген тарап камсыз кылат.

        18.Аксакалдар соту иштерди анын мүчөлөрүнүн курамынын көпчүлүгү болгондо кароого укуктуу.

        19.Аксакалдар сотунун катчысы жыйын башталганга чейин паспортун же өздүгүн тастыктоочу башка документин текшерүү менен жыйналышка катышуучу жактардын, чакырылган күбөлөрдүн ж.б. катышуучулардын келип-келбегендигин тактайт жана төрагага кабарлайт.

        20.Аксакалдар сотунун төрагасы/төрагалык кылуучу жыйналышты ачат, соттун курамын тааныштырат, карала турган ишти (материалды) жарыялайт.

        21.Жыйын ачылгандан кийин төрагалык кылуучу аксакалдар сотуна чакырылган адамдардын келгендигин тастыктайт, процесстин тараптарына жана башка катышуучуларына алардын укуктарын түшүндүрөт, андан кийин аларда аксакалдар сотунун курамы боюнча четтетүү жана өтүнмөлөр бар-жогун, ал эми мүлктүк, үй-бүлөлүк, жарандык, турак жай, жер мамилелери боюнча талаш-тартыштар жагынан алардын иштерин аксакалдар соту кароосуна тараптардын макулдугун аныктайт.

        22.Аксакалдар соту жыйынына катышып жаткан адамдардан кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрүн ордунда отуруп кеңешүү менен чечет. Чечим катышуучуларга жарыяланат.

       23.Аксакалдар сотунун жыйынына катышып жаткан адамдар аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү, кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана аксакалдар сотунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү билдирүүгө укуктуу. Жыйынга катышып жаткан адамдардын аксакалдар сотунун айрым мүчөлөрүн четтетүү жана аксакалдар сотторунун өзүн-өзү четтетүү боюнча кайрылуусу өзүнчө бөлмөдө, ишти маңызы боюнча кароо башталганга чейин Мыйзамдын 27-беренесине ылайык чечилет жана жыйналыштын катышуучуларына билдирилет. Аксакалдар соту кошумча материалдарды талап кылуу жөнүндө жана күбөлөрдү чакыруу жөнүндө өтүнмөлөрдү ордунда отуруп кеңешүү менен чечет жана ошол замат жарыялайт.

        24.Четтетүүлөр жана өтүнмөлөр жөнүндө маселе чечилгенден кийин төрагалык кылуучу маңызы боюнча иштин жагдайларын баяндайт.

       25.Төрагалык кылуучу тараптарга ишти маңызы боюнча кароонун ар кандай этабында тараптар үчүн өз ара алгылыктуу макулдашууну кабыл алуу аркылуу жарашуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө эскертет.

26.Андан кийин сот арыз ээсинин жана анын тарабында иштин жыйынтыгына кызыкдар болгон жактардын, жоопкердин жана анын 4 тарабында катышкан иштин жыйынтыгына кызыкдар жактардын, ошондой эле ишке катышып жаткан башка жактардын түшүндүрмөлөрүн угат, иш боюнча берилген материалдарды изилдейт.                                      27.Аксакалдар соту иш боюнча кандайдыр бир кошумча маалыматты же маалыматтарды алуу зарыл болгон учурда каралып жаткан иштин (материалдын) маңызы боюнча чечим чыгарбастан, жыйналышты кийинкиге калтырууга же аны башка мөөнөткө жылдырууга укуктуу.  

      28.Процесстин катышуучулары тарабынан толуктоолор жок болгон учурда, төрагалык кылуучу ишти кароонун аяктаганын жарыялайт

4. Аксакалдар сотунун чечим чыгаруусу

         29. Аксакалдар сотунун курамы ордунда кеңешип же өзүнчө бөлмөгө чыгып, ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен чечим кабыл алат. Чечим жыйында изилденген далилдерге гана негизделиш керек.

        30.Аксакалдар сотунун чечиминин резолюциялык бөлүгү жазуу жүзүндө түзүлөт, ага ишти кароого катышкан аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрү колтамга коѐт, ошол эле жыйында аксакалдар сотунун бардык мүчөлөрүнүн жана тараптардын катышуусунда жарыяланат. Чечимге макул болбогон аксакалдар сотунун мүчөсү өзүнүн өзгөчө пикирин жазуу жүзүндө баяндайт. Аксакалдар сотунун мүчөсүнүн өзгөчө пикири ишти маңызы боюнча чечүүгө таасир этпейт, бирок ал чечимге тиркелүүгө тийиш. Аксакалдар соту ишке кароого катышкан жактар жана алардын өкүлдөрү жүйөлөнгөн чечим (жазуу жүзүндө) менен качан тааныша ала турганынын дагы жарыялоого милдеттүү.

         31.Аксакалдар сотунун чечими Мыйзамдын 32-беренесине ылайык таризделет. Чечим жарыяланганга чейин төрагалык кылуучу жана аксакалдар сотунун мүчөлөрү колтамга коѐт.

      32. Аксакалдар сотунун чечими, эгерде ал даттанылбаса, чыгарылган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин мыйзамдуу күчүнө кирет.

      33.Кабыл алынган чечимдер жөнүндө аксакалдар соту 10 күндүк мөөнөттө арыз ээсине, материалды жөнөткөн органга (кызмат адамына) билдирүүгө милдеттүү.

      34.Мыйзамдын 34-беренесинде көрсөтүлгөндөй, аксакалдар сотунун чечими төмөндөгү таасир көрсөтүү чараларынын бирин дайындоо менен же ансыз кабыл алынышы мүмкүн:

1) коомдук эскертүү берүү;

2) эл алдында кечирим суроого милдеттендирүү;

3) коомдук сөгүш жарыялоо;

4) келтирилген зыяндын ордун толтурууга милдеттендирүү;

 5) эгерде чечимди аткарууда ыйгарылган мүлк жок болсо, жоопкерден өндүрүп алынууга тийиш болгон мүлктүн наркын көрсөтүү менен мүлктү натуралай берүү.  Коомдук таасир көрсөтүү чараларынын жогоруда белгиленген тизмеси толук делип эсептелинет жана аксакалдар соту тарабынан кеңири чечмеленүүгө жатпайт.

5. Аксакалдар сотторунун чечимдерине даттануунун жана аларды аткаруунун тартиби

         35. Аксакалдар сотунун чечими Кыргыз Республикасынын Жарандык-процесстик кодекстинде аныкталган тартипте жана мөөнөттө даттанылат.

         36.Аксакалдар сотунун чечими чечимде көрсөтүлгөн мөөнөттө аткарылууга тийиш. Аксакалдар соту чечимдердин аткарылышына көзөмөл жүргүзүп турат (кат жиберүү, чакырып сүйлөшүү ж.б. бардык аракеттери протоколдоштурулат.).

         37.Жоопкер аксакалдар сотунун чечиминде аныкталган тартипте жана мөөнөттө аксакалдар сотунун чечимин аткарбаган учурда, аксакалдар соту чечим анын пайдасына кабыл алынган адамга аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартуунун аткаруу баракчасын берүү жөнүндө сотко кайрылууну сунуштайт.

        38.Аксакалдар сотунун чечими пайдасына чыгарылган тараптын райондук же шаардык сотко аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө Мыйзамдын 34-беренесине ылайык жазылган арызы төмөнкү документтерди тиркөө менен, арыз түшкөн күндөн тартып 5 жумушчу күндүн ичинде жиберилет:

 1) аксакалдар сотунун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

 2)чечиминин талаптагыдай түрдө аксакалдар сотунун чечимин аткарбагандыгын ырастаган документтер;

3)аксакалдар сотунун чечимин мажбурлап аткартууга аткаруу баракчасын берүү жөнүндө арыздын көчүрмөсү башка тарапка жөнөтүлгөнүн ырастаган тапшыруу жөнүндө билдирүү же башка документ;

 4)арызга колтамга коюуга өкүлдүн ыйгарым укуктарын ырастаган ишеним кат же башка документ.

6. Аксакалдар сотторунун башка органдар менен өз ара мамилеси

           39.Аксакалдар соттору өз ыйгарым укуктарынын чегинде райондук (шаардык) сотторго жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга методикалык жана консультациялык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрыла алат.

         40.Аксакалдар соттору Мыйзамдын 6-беренесинде аларга таандык болгон функцияларды жүзөгө ашырууда ички иштер органдары, прокуратура органдары жана башка укук коргоо органдары, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен кызматташат.

7. Аксакалдар сотторунун ишин каржылоо, материалдык техникалык жактан камсыз кылуу

        41.Кыргыз Республикасынын Конституциясынынын 115-беренесине, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 51-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык аксакалдар сотторунун ишмердүүлүгү жергиликтүү бюджеттен каржыланат.

        42.Мыйзамдын 38-беренесине ылайык, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун толук кандуу иштешин камсыз кылуу үчүн аларга зарыл болгон заманбап жабдуулар менен жабдылган өзүнчө жайды (бөлмөлөрдү) бөлүп берет.

        43.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аксакалдар сотторунун мүчөлөрүнө жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын, ар кандай юридикалык жана жеке жактардын демөөрчүлүк жардамынан түшкөн каражаттардын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган бюджеттен тышкаркы башка акчалай жана материалдык каражаттардын эсебинен ар кандай жеңилдиктерди жана материалдык сыйлыктарды берүүнү карайт.

      а) аксакалдар сотунун отурумуна катышуусу зарыл болгон адамдарды, аксакалдар соту менен макулдашуу боюнча, өзүнүн кызматкерлерин, тиешелүү мекеме-ишканалардын кызматкерлерин чакырууга жана катыштырууга көмөк көрсөтөт;

     б) аксакалдар сотунун ишмердүүлүгүнүн мөөнөтү аяктаганда жана аксакалдар сотунун өтүнүчү боюнча андан башка учурда аксакалдар сотунун документтерин кабыл алат жана сактап турат.

8. Аксакалдар сотторунун отчеттуулугу жана документтерди сактоо тартиби

      44. Аксакалдар соттору каралган иштердин (материалдардын) статистикалык эсебин жүргүзөт.

      45. Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү аймактагы жергиликтүү коомдоштуктун алдында отчет, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана аксакалдар сотторунун кеңешине (эгерде болсо) өзүнүн иши жөнүндө маалымат берет.

     46.Аксакалдар соттору өз иштери жөнүндө маалыматты тиешелүү аймактын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын сайтына мезгил-мезгили менен жарыялап турат.

      47.Аксакалдар сотторуда документтерди сактоо Мыйзамдын 41-беренесинде аныкталган тартипте жүргүзүлөт.

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы №5 токтомуна  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Токтом №3

2025-жылдын 26-февралы

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин 2024-жылдын 26-июлундагы №5 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагыны караштуу Ачык-Суу айылынын элинин кайрылуусун карап чыгып, Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Ачык-Суу айылындагы айыл элинин муктаждыгын канааттандыруу максатында “Мазар” участкасына мечит салуу үчүн участканын башкы планына өзгөртүү киргизүү менен  мечиттин орду көрсөтүлүп, башкы план кайрадан даярдалсын.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

 

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө Hyndai W 140 үлгүсүндөгү кош дөңгөлөктүү экскаваторду Айыл Банктан лизинг аркылуу  алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Токтом №4

2025-жылдын 26-февралы

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө Hyndai W 140 үлгүсүндөгү кош дөңгөлөктүү экскаваторду Айыл Банктан лизинг аркылуу алууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында айыл аймактын элинин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн    Hyndai W 140 үлгүсүндөгү кош дөңгөлөктүү экскаваторун Айыл Банктан лизинг аркылуу алууга макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кеңештин укук тартип, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар  менен байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Жер аянтын  бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Токтом №5

2025-жылдын 26-февралы

Кашка-Суу айылы
Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
токтом кылат

  1. Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл  аймагынын “Газ” участкасынан 291 га, “Жайылма” участкасынан 33 га, “Сүтүү-Булак” участкасынан 3,5 га, “Мазар” участкасынан 8,03 га, “Бөрү-Көрбөс” участкасынан 15 га  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндө  турган жалпы  350,53 га жер аянтын   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо  түрүнө которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү  иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Жер аянтын  бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
Токтом №6

2025-жылдын 26-февралы

Кашка-Суу айылы
Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевдин билдирүүсүн карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз төртүнчү сессиясы
токтом кылат

  1. Чоң-Алай районуна караштуу Кашка-Суу айыл  аймагынын  “Ортолук” участкасындагы  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын жайыт түрүндө  турган  1,5 га жер аянтын  таштанды таштоочу жай катары пайдалануу үчүн  “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, коргонуунун жерлери  жана башка багыттагы   жерлер” категориясынын курулуш алдындагы түрүнө которууга (трансформациялоого)  макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү  иш кагаздарын даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервин түзүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
Токтом №1

2025-жылдын 28-марты

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айылдык аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын курамынын резервин түзүү жөнүндө
Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясынын 2025-жылдын 12-мартындагы №2 чыгыш сандуу катына ылайык, Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу шайлоо участкаларынын комиссияларынын резервдик курамына жергиликтүү жамааттардан көрсөтүлгөн жарандардын тизмесин Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин депутаттары карап чыгып, талкуулап
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу № 5164,№ 5165,№ 5166, № 5167, № 5168 участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жергиликтүү жарандардан туруктуу жашаган айылдары боюнча көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Талапкерлердин документтерин Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүп берүү жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин жооптуу катчысы Г.Токсонбаевага милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  айылдык кеңештин укук тартип, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар  менен байланыштар  боюнча туруктуу комиссиясына  тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

                                                                                                                Кашка-Суу айыл аймактык    кеңешинин 

2025-жылдын  28-мартындагы

№1 токтомуна №1-тиркеме

№5164  Кабык шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси

ФИО

Туулган

жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрчөтүлгөн

1

Абдыкадыр уулу мырзали

02.09.1992.

Орто

Кароолчу

Кабык айылы

0709522882

“Ынтымак” көчөсүнун жарандары

2

Асраридин кызы Рахила

02.11.2000.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0508419618

Мектеп жамааты

3

Ажибекова Фарида Исираиловна

07.05.1989.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0703673745

Мектеп жамааты

4

Жусупов Мамирасул Манасович

05.04.1963.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0559038887

Мектеп жамааты

5

Нияз кызы Гүлпари

28.10.1992.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0700595093

“Ынтымак” көчөсүнун жарандары

6

Насирова Суусаркан Гожоакматовна

26.02.1988.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0500621115

“Черемушка 2 “ көчөсүнун жарандары

7

Колдошев Жеңишбек Тилебалдиевич

23.02.1976.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0772415235

Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

8

Гапарова Жазгүл Ырыскуловна

06.03.1996.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0999231020

Аялдар кеңеши

9

Зиябидин кызы Каныкей

26.12.1993.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0771237889

Акжолтой көчөсүнүн жарандары

10

Тургунов Жигитал Азамович

05.04.1989.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0774123568

“Ынтымак” көчөсүнун жарандары

11

Убайдилла кызы Нуржамал

08.10.1993.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0771457865

“Ынтымак” көчөсүнун жарандары

12

Убраим уулу Курсанбай

26.03.1991.

Орто

Техникалык кызматкер

Кабык айылы

0774125687

Акжолтой көчөсүнүн жарандары

13

Ысманов Бусурманкул Абдилаатович

18.05.1989.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0220114789

Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

14

Сапаров Алтынбек Өзбекбаевич

02.11.1989.

Орто

Кароолчу

Кабык айылы

0709522882

А.Койчубаев  көчөсүнун жарандары

15

Кудайбергенова Канышай

24.07.1976.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0559038887

Мектеп жамааты

16

Орунбаева Гүлшайыр

07.11.1985.

Жогорку

Мугалим

Кабык айылы

0559038887

Мектеп жамааты

 

 

№5165  Ачык-Суу  шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси

ФИО

Туулган

жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрчөтүлгөн

1

Авазбек кызы Максаткан  

08.12.1991.

Жогорку

Мугалим

Ачык-Суу  айылы

0709522882

“Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

2

Абдибаап уулу Раимбек  

14.10.1994.

Жогорку

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0508419618

Мурас  көчөсүнүн жарандары

3

Айдарова Бүажар Абдилазизовна

10.01.1987.

Жогорку

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0703673745

Дастан  көчөсүнүн жарандары

4

Ашимова Мөөркан Шамшиевна

05.04.1964.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0559038887

Чыны-Коргон   көчөсүнүн жарандары

5

Боркошев Абдилаат Наринбаевич

18.07.1970.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0700595093

А.Кожомуратов көчөсүнун жарандары

6

Боронов Арпидин Тажибаевич  

02.05.1980.

Жогорку

Мугалим

Ачык-Суу  айылы

0500621115

А.Кожомуратов көчөсүнун жарандары

7

Жумаматов Абдимиталип Акматалиевич

03.04.1978.

Жогорку

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0772415235

Чыны-Коргон   көчөсүнүн жарандары

8

Зикир кызы Жайнагүл  

06.03.1993

Жогорку

Мугалим

Ачык-Суу  айылы

0999231020

Аялдар кеңеши

9

Исматиллаев Болотбек  

26.12.1986.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0771237889

Чыны-Коргон   көчөсүнүн жарандары

10

Калмаматов Шабдан  

05.04.1991.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0774123568

А.Кожомуратов көчөсүнун жарандары

11

Кожоева Бактыгүл  

08.10.1980

Орто

Тазалоочу

Ачык-Суу  айылы

0771457865

“Ак-Жол”  көчөсүнүн жарандары

12

Кожоакматова Күлүйпа  

26.03.1991.

Жогорку

Мугалим

Ачык-Суу  айылы

0774125687

Чыны-Коргон  көчөсүнүн жарандары

13

Колдошов Абдрасул Идаятиллевич  

18.05.1978.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0220114789

Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

14

Кыпчакбай кызы Жыпаргүл  

02.11.1994.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0709522882

Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

15

Маматали уулу Камалидин

24.07.1998.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0559038887

Мурас  көчөсүнүн жарандары

16

Матисламов Өмүрбек  

07.11.1978.

Жогорку

Мугалим

Ачык-Суу  айылы

0559038887

Дастан  көчөсүнүн жарандары

17

Шералиев Нуркамил

20.07.1966.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0709522882

Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

18

Ысмайыл уулу Мухаммед

18.07.1998.

Орто

Иштебейт

Ачык-Суу  айылы

0771237889

Чыны-Коргон   көчөсүнүн жарандары

19

Турганбаев Сурнатилла

25.01.1988.

Жогорку

Мугалим

Ачык-Суу  айылы

0559038887

Дастан  көчөсүнүн жарандары

 

№5166  Жайылма  шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси

ФИО

Туулган

жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрчөтүлгөн

1

Абдилазиз кызы Гулиза   

08.12.1994.

Жогорку

Мугалим

Жайылма   айылы

0709522882

Аялдар кеңеши

2

Абибилла кызы Умсунай

13.01.2004.

Орто

Иштебейт

Жайылма   айылы

0508419618

Аялдар кеңеши

3

Айтиев Ойылчы

10.01.1984.

Орто

Иштебейт

Жайылма   айылы

0703673745

Жаштар кеңеши

4

Еренбаева Гүлбарчын

05.04.1980.

Орто

Иштебейт

Жайылма   айылы

0559038887

Аялдар кеңеши

5

Жаркынбаева Жазгүл

18.07.1998.

Орто

Бала бакча

Жайылма   айылы

0700595093

“Айданек” балдар бакчасы

6

Кайдакбаева Бүажар   

02.05.1980.

Жогорку

Мугалим

Жайылма   айылы

0500621115

Х.Базаров орто мектебинин жамааты

7

Курбаналиева Сүйдүмкан

03.04.1976.

Жогорку

Мугалим

Жайылма   айылы

0772415235

Х.Базаров орто мектебинин жамааты

8

Нуридинов Бакытбек   

06.03.1992.

Жогорку

Мугалим

Жайылма   айылы

0999231020

Х.Базаров орто мектебинин жамааты

9

Турдалиев Кудурет   

26.12.1974.

Жогорку

Мугалим

Жайылма   айылы

0771237889

Жайылма айылынын эли

10

Усөнов Сайдилла   

05.04.1974.

Орто

Тех кызматкер

Жайылма   айылы

0774123568

Жайылма айылынын эли

11

Шукурилло уулу Замирбек   

08.10.1994.

Орто

Иштебейт

Жайылма   айылы

0771457865

Жаштар кеңеши

12

Осмонова Гүлбайра   

26.03.1983.

Жогорку

Мугалим

Жайылма   айылы

0774125687

Жайылма айылынын эли

13

Султанов Бакытбек   

18.05.1988.

Орто

Иштебейт

Жайылма   айылы

0220114789

Х.Базаров көчөсүнүн жарандары

14

Зикир кызы Сабира   

02.11.1994.

Жогорку

Иштебейт

Жайылма   айылы

0709522882

Аялдар кеңеши

 

 

№5167 Кашка-Суу  шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси

ФИО

Туулган

жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрчөтүлгөн

1

Сапарова Барнохан   

08.12.1988.

Орто

Бала бакча

Кашка-Суу  айылы

0709522882

Очубек  көчөсүнүн жарандары

2

Чожобекова Бурулкан

14.10.1987.

Жогорку

Мектеп

Кашка-Суу  айылы

0508419618

Жаштык көчөсүнүн жарандары

3

Калбаева Азизахон  

10.01.1992.

Жогорку

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0703673745

Даут  көчөсүнүн жарандары

4

Абдижамил кызы Чолпонай 

05.04.1995.

Орто

Мугалим

Кашка-Суу  айылы

0559038887

Кашка-Суу   көчөсүнүн жарандары

5

Убраимова Жумагүл 

18.07.1979.

Жогорку

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0700595093

Мектеп жамааты

6

Адылжанова Айжамал

02.05.1993.

Жогорку

Мугалим

Кашка-Суу  айылы

0500621115

ЖБакиров көчөсү

7

Жалилов Нурбек 

03.04.1982.

Жогорку

Мугалим

Кашка-Суу  айылы

0772415235

Мектеп жамааты

8

Жунусова Мунарбүбү   

06.03.1987.

Жогорку

Балдар бакчасы

Кашка-Суу  айылы

0999231020

Аялдар кеңеши

9

Акунбаева Каныкей   

26.12.1981.

Жогорку

Мугалим

Кашка-Суу  айылы

0771237889

Даут көчөсү

10

Орозалиев Талантбек   

05.04.1986.

Орто

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0774123568

Айыл эли

11

Курбаналиев Абуталип  

08.10.1983.

Орто

Оорукана

Кашка-Суу  айылы

0771457865

 оорукана жамааты

12

Кааров Жусупбек   

26.03.1978.

Жогорку

Оорукана

Кашка-Суу  айылы

0774125687

оорукана жамааты

13

Хурсанали кызы Замира   

18.05.1990.

Жогорку

Оорукана

Кашка-Суу  айылы

0220114789

оорукана жамааты

14

Айтиева Анаргүл

02.11.1987.

Орто

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0709522882

Аялдар кеңеши

15

Токсонбаев Мухаммед

28.02.2000.

Жогорку

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0559038887

Кашка-Суу 1  көчөсүнүн жарандары

16

Боркошева Айзада   

07.11.1989.

Жогорку

Мугалим

Кашка-Суу  айылы

0559038887

Өзгөрүш  көчөсүнүн жарандары

17

Анарбек кызы Чынар

20.07.1996.

Орто

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0709522882

Памир  көчөсүнүн жарандары

18

Аучубекова Жайнагүл 

18.07.1998.

Орто

Иштебейт

Кашка-Суу  айылы

0771237889

Чыны-Коргон   көчөсүнүн жарандары

19

Жаркынбай кызы Мөөркан 

25.01.1977.

Жогорку

Мугалим

Кашка-Суу  айылы

0559038887

Ж.Бакиров  көчөсүнүн жарандары

 

№5168 Кара-Кабак   шайлоо участкасынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн жарандардын тизмеси

ФИО

Туулган

жылы

Билими

Иштеген жери

Жашаган жери

Телефону

Ким тарабынан көрсөтүлгөн

1

Анарбаева Абдилашим    

08.12.1991.

Орто

Иштебейт

Кара-Кабак   айылы

0709522882

Ак-жол   көчөсүнүн жарандары

2

 Асатилла кызы Гүлзат

14.10.1991.

Жогорку

Мектеп

Кара-Кабак   айылы

0508419618

Жаштар  көчөсүнүн жарандары

3

Асилбек кызы Мукарам   

10.01.2000.

Жогорку

Иштебейт

Кара-Кабак   айылы

0703673745

Жаштар  көчөсүнүн жарандары

4

Баапов Айбек

05.04.1983.

Жогорку

Мугалим

Кара-Кабак   айылы

0559038887

Кызыл-Дөң  көчөсүнүн жарандары

5

Данияров Ботобек

18.07.1991.

Орто

Иштебейт

Кара-Кабак   айылы

0700595093

Айылдын эли

6

Жамалидин кызы Роза 

02.05.1993.

Жогорку

Мугалим

Кара-Кабак   айылы

0500621115

Кызыл-Дөн көчөсү

7

Камчыбеков Жылдызбек  

03.04.1977.

Жогорку

Мугалим

Кара-Кабак   айылы

0772415235

Мектеп жамааты

8

Камчыбеков Нурахмат    

06.03.1997.

Жогорку

Мектеп

Кара-Кабак   айылы

0999231020

Жаштар  кеңеши

9

Кармышова Айнур    

26.12.1981.

Жогорку

Мугалим

Кара-Кабак   айылы

0771237889

Жаштар  көчөсү

10

Тороев Акмат    

05.04.1982.

Жогорку

Мугалим

Кара-Кабак   айылы

0774123568

Айыл эли

11

Ырысбай кызы Айзада   

08.10.1996.

Жогрку

Оорукана

Кара-Кабак   айылы

0771457865

 Аялдар кеңеши 

12

Шакиров Бекназар    

26.03.1986.

Орто

Иштебейт

Кара-Кабак   айылы

0774125687

Ак-Жол көчөсүнүн жарандары

 

 

Кашка-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы                                 Г.Токсонбаева

 

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү” жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
Токтом №2

2025-жылдын 28-марты

Кашка-Суу айылы
“Маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жана пайдалануунун эрежелерин жана аймактагы имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы түрүнө карата талаптарды бекитүү” жөнүндө
Бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүштү калыптандыруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27,34-беренелерине, Жарнак жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 14-беренесине ылайык, Кашка-Суу айылдык кеңешинин кезексиз бешинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл аймагындагы маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу эрежелери жана имараттардын, курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшүнө карата талаптар жана имараттын, курулманын фасадынын паспортунун типтүү формасы  бекитилсин.
  2. Кашка-Суу айыл өкмөтү, шаар куруу жана архитектура департаментинин Чоң-Алай райондук башкармалыгы өз иштеринде ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн эрежелерди бекем жетекчиликке алышсын.
  3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Ош юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун  аткарылышын камсыз кылуу жагы  Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Г.А.Мадалиевге, көзөмөлдөөнү  Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин экономика, инвестиция тартуу  жер жана агрардык реформа  боюнча туруктуу комиссиясына тапшырамын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Жайлоого көчүп кетүү  жана көчүп түшүү  мөөнөтүн белгилөө  жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
Токтом №1

2025-жылдын 29-апрели

Кашка-Суу айылы
Жайлоого көчүп кетүү жана көчүп түшүү мөөнөтүн белгилөө жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын айыллдарында өткөн элдик жыйындардын протоколдоруна ылайык Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Элдин малын  жайлоого көчүп чыгаруунун акыркы  мөөнөтүн   2025-жылдын    25-майы  жана жайлоодон көчүп  түшүүнүнүн  күнүн  2025-жылдын   25-сентябрдан кийинки мөөнөт белгиленсин.
  2. Жайлоонун экинчи көчүү мөөнөтү 2025-жылдын 15-июлунан кийинки мөөнөткө  коюлсун.
  3. Белгиленген  мөөнөткө  чейин малдар түшсө (25-сентябрь 2025-жыл) камалган малдын  өлүмүнө  эч ким жооптуу эмес экендиги белгиленсин.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга   тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айыл аймагына караштуу  Кабык жана Ачык-Суу айылдарына келишим менен айыл башчы алууга макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
Токтом №2

2025-жылдын 29-апрели

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кабык жана Ачык-Суу айылдарына келишим менен айыл башчы алууга макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл айыл аймагына караштуу Кабык жана Ачык-Суу айылдарына келишим менен айыл башчы алууга макулдук берилсин.
  2. Келишим түзүп, эмгек акысын келишимдин  негизинде төлөп берүү айыл өкмөттүн финансы- экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловко жүктөлсүн.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу, Кашка-Суу, Ачык-Суу жана Кабык   айылдарындагы  электр  көмөкчү чордондорун Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
Токтом №3

2025-жылдын 29-апрели

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу, Кашка-Суу, Ачык-Суу жана Кабык айылдарындагы электр көмөкчү чордондорун Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Нышанбаевдин билдирүүсүн карап чыгып, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу айылынагы   жаңы башкы пландагы  30,0 га памирлик-этникалык кыргыздарга тиешелүү  2 (эки) даана көмөкчү чордону, узуну 4500 м СИП  электр аба чубалгысы, Кашка-Суу айылындагы Эсенкелди уулу Максабек атындагы орто мектебинин 1 (бир) даана көмөкчү чордону, Ачык-Суу айылындагы Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин 1 (бир) даана көмөкчү чордону жана Ачык-Суу айылындагы таза суу түтүгү үчүн курулган 1 (бир) даана көмөкчү чордонун         Чоң-Алай райондук электр тармактар ишканасынын балансына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү юридикалык документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга  тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Башка айыл өкмөттөн келип, жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
Токтом №4

2025-жылдын 29-апрели

Кашка-Суу айылы
Башка айыл өкмөттөн келип, жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
“Кашка-Суу”муниципиалдык ишканасынын жетекчиси З.Мамазияевдин сунушун угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз жетинчи сессиясы
токтом кылат

1. Башка айыл өкмөттөн келип, жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү салыктын көлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин.

-Чоң бодо малдар үчүн-100 сом;

- Кой-эчки үчүн-20 сом;

- Жылкы-140 сом.

2. Жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү төлөмдү убагында топтоо, төгүү жоопкерчилигин алуу жагын  Кашка-Суу муниципиалдык ишканасынын башчысы З.Мамазияевге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчыларга   тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кашка-Суу айыл аймагына  караштуу № 5168 Кара-Кабак   шайлоо участкасынан Бурган-Суу айылыны өзүнчө шайлоо участка кылып бөлүүгө макулдук берүү  жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
Токтом №1

2025-жылдын 09-юину

Кашка-Суу айылы
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу № 5168 Кара-Кабак шайлоо участкасынан Бурган-Суу айылыны өзүнчө шайлоо участка кылып бөлүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылында 2025-жылдын 5-июнунда өткөн элдик жыйындын №14-протоколунун негизинде, жарандардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу жана шайлоону уюшкандыкта өткөрүү максатында Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Бурган-Суу айылы мурда № 5168 Кара-Кабак  шайлоо участкасына кирип келгендиктен учурдагы участкадан  Бурган-Суу айылын өзүнчө шайлоо участка кылып түзүүгө макулдук берилсин.
  2. Тиешелүү документтерин даярдоо жагы Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Нышанбаевге милдеттендирилсин.
  3. Бул токтом Чоң-Алай аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлсүн.
  4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Жер аянтын  бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
Токтом №2

2025-жылдын 09-юину

Кашка-Суу айылы
Жер аянтын бир категориядан экинчи категорияга которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Жайылма айылынын тургуну А.Азимбаеванын арызын карап чыгып, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн Жайылма айылындагы  “Жайылма” участкасынын №374 контурунда жайгашкан  “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын  жайыт  эсебинде турган    0,30 га жер аянтын   “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын сугат айдоо түрүнө которууга макулдук берилсин.
  2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы айылдык кеңештин  Жер, турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков

Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө

Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака



Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
Токтом №3

2025-жылдын 09-юину

Кашка-Суу айылы
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндөгү сунушту угуп, талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин кезексиз сегизинчи сессиясы
токтом кылат

  1. Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө” мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемеси менен Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн келишим бекитилсин.
  2. Тийиштүү иш кагаздары бүткөрүлүп Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесине жиберилсин.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук коргоо, депутаттык иш жана этика, мыйзамдуулук, коомдук уюмдар менен байланыштар боюнча  туруктуу  комиссиясына тапшырылсын.

Төрага:
Б. И. Карыбеков