Баткен районунун Самаркандек айылында 15 км таза суу түтүктөрү орнотулду. Бул тууралуу Самаркандек айыл аймагынын башчысы Насиридин Орозов билдирди.
Анын айтымында, муну менен айылдын таза суу маселеси чечилди.
«Буга чейин таза суу маселеси элди бир аз кыйнап келген. Эми таза сууну да чыгарып алдык. Суу маселесин чечүүдө Кызыл ай коому да көп жардам берди. Алар суу түтүкчөлөрүн алып беришти. Калганы калктын каражатынан каржыланды. Ошондой эле, айыл өкмөттөн жалпы 180 миң сом акча бөлүндү», - деди Орозов.
Айыл аймак башчысы буга катар эле 18 км канал тазаланып, оңдолуп жатканын кошумчалады.
http://osh.turmush.kg/news:317816/?from=kg_turmush&place=newstoplastarea