Загрузка...
Kashka-suu@inbox.ru +996-3237 -2-22-0 5

Кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс

Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтү башкы, улук жана кенже кызмат орундары боюнча кадрлар резервине талапкерлерди киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.

 

БАШКЫ КЫЗМАТ ОРУНУНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР:

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билими бардык профилдеги багыттар боюнча.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 жылдан кем эмес иш стажы:

 

Төмөндөгүдөй мыйзамдарды билүүсү  зарыл:

-Кыргыз Республикасынын Конститутциясы;

-«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Көндүмдөр:

-Ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана оргтехникага, керектүү программалык продукталарга ээ болуу:

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер тапшырылат:

-          Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү зарыл)

- Өздүк таржымал (cоттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек киепчесинин көчүрмөсү;

-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо):

- паспорттун көчүрмөсү.

 

УЛУК КЫЗМАТ ОРУНДАРЫНА ТАЛАПКЕРЛЕРГЕ КОЮЛГАН КВАЛИФИКАЦИЯЛЫК ТАЛАПТАР

 

 

Кесиптик билимдин деңгээли:

-жогорку билими бардык профилдеги багыттар боюнча.

Иш стажы жана тажрыйбасы:

-жалпысынан 2 жылдан кем эмес мамлекеттик жана /же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы:

 

Төмөндөгүдөй мыйзамдарды билүүсү  зарыл:

-Кыргыз Республикасынын Конститутциясы;

-«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-«Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы;

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында Иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама.

 

Көндүмдөр:

-Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;

- компютердик жана оргтехникага , керектүү программалык продукталарга ээ болуу;

 

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтер тапшырылат:

 

-          Конкурстук комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арыз;

Резюме (электрондук почтаны көрсөтүү зарыл)

- Өздүк таржымал (cоттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөсү;

- нотариустан же акыркы иштеген жеринен күбөлөндүрүлгөн эмгек киепчесинин көчүрмөсү;

-илимий даражаны жана илимий наамды ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү (бар болсо):

- паспорттун көчүрмөсү.

 Документтерди кабыл алуу мөөнөтү  2022-жылдын сентябрь айынан тартып декабрь айына чейин жүргүзүлөт.

 

Дареги: Жалал-Абад областы, Сузак районуна караштуу Багыш айыл өкмөтүнүн имараты

2-кабат 3-кенсе байланыш номери

 0770-68-66-37

 0708-79-12-64