Кыргыз Республикасы
Ош облусу
Чоң-Алай району
Кашка-Суу
айыл аймагынын
айылдык Кенеши
Кыргызская Республика
Ошская область
Чон-Алайский район
айылный Кенеш
Кашка-Сууйского
айыльного аймака
Бекитемин
Кашка-Суу айылдык кеңешинин
төрагасы__________А.Баатыркулов
“_______”_____________2023-жыл
Кашка-Суу айыл аймагынын
2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы
Кашка-Суу айыл аймагынын 2023-2027-жылдарга карата жарандарды турак жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы
Кашка-Суу айыл аймагынын тургундарынын турак жай курууга жер участоктору менен камсыздоо боюнча Программасы (мындан ары- Программа) Кыргыз Республикасынын “Жер участокторун которуу (тарасформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын талабын аткаруу максатында даярдалган.
Кыргыз Республикасынын Жер кодесинин 32-беренесинде жер участогу Кыргыз Республикасынын жарандарынын менчигине ыйгары укуктуу орган тарабынан Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында акысыз түрдө бир жолу турак жай курууга жана тейлөөгө берилет деп белгиленген.
Кашка-Суу айыл аймагында жыл сайын жаңыдан үй-бүлө кургандардын санынын өсүү динамикасы жогорулап, чоң кожолуктарда турмуш курган жаңы үй-бүлөлөрдүн саны 2-3 эсеге жеткен учурлар бар. Азыркы күндө кезекте турган жер участогуна муктаж жарандардын саны дээрлик 1500 дөн ашык кишиге жетет.
Айыл өкмөтү, айылдык кенештин депутаттары жана жергиликтүү жамааттын катышуусу менен жергиликтүү аймактардын шарттарын карап чыгып, турак жай куруу үчүн жер участогуна муктаж болгон жарандарга жер участогун бөлүп берүү иштери Программанын негизинде жүргүзүлүүсү бергиленген.
Кашка-Суу айыл аймагында жашаган жаңы курулган үй-бүлөлөрдү жана айыл тургундарынын жашоо деңгээлин жогорулатуу, жаштарды өз алдынча чарба жүргүзүүсүнө шарт түзүү максатын иш жүзүнө ашыруу үчүн төмөнкү милдеттерди аткаруу зарыл:
2023-2027-жылдар аралыгында жарандарга турак жай куруу үчүн бөлүнүп бериле турган жерлер, Кашка-Суу айыл аймагынын Газ участкасынын №150,151,152,147,138,9,12,13 контурларында жайгашкан 114,0 га жайыт жер аяттарынан түзөт.
Ошондуктан Кашка-Суу айыл аймагынын жеке менчик турак жай курууга жер участокторун алууга кезекте турган жарандардын муктаждыктарын эске алуу менен “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун талаптарына ылайык иш жүзүнө ашыруу зарыл.
Программаны иш жүзүнө ашыруу, “Жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мармартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участогун которуу (трансформациялоо) тартиби жөнүндө” Убактылуу жобонун жана башка тийиштүү мыйзам актыларын талаптарына ылайык, тийиштүү кагаздарын топтомун, жерге жайгаштыруу көктөмөсүн түзүп, Кыймылсыз мулккө укуктарды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жөнөтүү менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинини чечиминин тийиштүү долбоору даярдалып, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кароосуна киргизилип, иш жүзүнө ашырылат.
Пландаштырылган жер аянттарын айыл чарба өндүрүшүндө пайдаланууга жараксыз абалда экендигин эске алуу менен аталган жер аяттарынын калктуу конушка жакын жайгашуусу инженердик коммуникацияларды, электр энергиясын берүү линияларын, суу түтүктөрүн, телефон линияларын тартууга, ошондой эле медициналык кызмат, мектеп, балдар бакчасы маселелерин чечүү мүнкүнчүлүктөрү бар экендигин аныктайт.
Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өз тартибинде аткарылуусу жакшы жыйынтыктарга алып келет.
Программада көрсөтүлгөн милдеттерди жана иш чараларды аткаруу менен сунушталып жаткан жер аянттарына кезекте турган муктаж жарандардын жеке менчик турак жай куруу укугуна ээ болуусу пайда болот. Бир үй-бүлөдө көп үй-бүлөлөрдүн жашап жатышы, үй куруп өздөрүнчө тиричилик кылууга багыт алуусу, жаш үй-бүлөлөрдүн арыздашуу жана ажырашуу маселелерин азайуусу, айыл аймагында кожолуктун, калктын сананын көбөйүүсү, жер салыктарын жана социалдык төлөмдөрдүн көп өлчөмдө топтолушу көздөгөн жетишкендиктерге алып келет. Мындан сырткары, көптөгөн социалдык маселелер чечилип, мыйзам чегинде жеңилдиктери бар болгон айыл тургундарынын мамлекетке болгон ишеничтерин бекемдейт, ден-соолугуна байланыштуу мүнкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын жашоого болгон үмүтүн арттырууга, үй-бүлөлөрдө психологиялык абалды стабилдештирүүгө өбөлгө түзөт.
Башчы Г. Мадалиев