Загрузка...
Kashka-suu@inbox.ru +996-3237 -2-22-0 5

Баткен районунун Самаркандек айылындагы мекеме-ишканалар Баткен облустук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору тарабынан текшерилүүдө. Бул тууралуу аталган борбордун жетекчиси Нурлан Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, учурда айылда ич келте оорусу менен ооруган бир үй-бүлөнүн 3 мүчөсү дарыланып жатат, абалдары жакшы. Алардын анализдери Бишкек шаарына жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө Самаркандек айылынын тургундарынан атайын анализдер алынууда. Бирок азырынча ич келтеге чалдыккандар чыга элек.

Баткен районунан былтыр да 2 адам ич келте оорусу менен катталган.
https://www.turmush.kg/news:336351/?from=kg_turmush&place=newstoplastarea