Баткен мамлекеттик университети берген 39 диплом мыйзамсыз деп табылды. Баткен райондук соту ушундай чечим чыгарганын Улуттук коопсуздук комитети 20-сентябрда билдирди.
Маалыматка караганда, университеттин жетекчилиги жана кызматкерлери жемкорлуктун калыптанып калган схемасын түзүп алышкан. БатМУнун мурдагы жетекчилиги Кызыл-Кыядагы коллеждин директору жана “Сулайман-Тоо” музей комплексинин башчысы менен бирге дипломдорду мыйзамсыз жазып берген, жалпысынан 56 адам БатМУга мыйзамсыз кабыл алынган деп айтылууда.
УКМК козгогон кылмыш ишин райондук сот карап чыгып, жети кызматкерди шарттуу түрдө 5-7 жылга кести. Ал эми жетекчилерге карата коюлган айып боюнча иш кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу токтотулду.