Загрузка...
Kashka-suu@inbox.ru +996-3237 -2-22-0 5

Баткен районунун Бужум айылынын тургуну Сайдираим Абдилатов уулу Кимсанбайдын жок жерден жол кырсыгына күнөөлөнүп эки айга камакка алынганына нааразы. Буга байланыштуу ал Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыкты.

25-август түнү Кызыл-Кыя шаар аймагында белгисиз айдоочу бир кишини койдуруп, качып кеткен. Жабырлануучу окуя болгон жерден эле каза тапкан.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы Кимсанбайды шектүү катары кармоого соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы себеп болгонун кабарлаган. Шектүүнүн автоунаасынын бампериндеги кандын тактары жабырлануучунун каны менен окшош чыкканы айтылган.