Ош облусунун Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын негизинде башкы-б, улук-а,б (Айыл өкмөт башчысынын орун басары-жооптуу катчы, бөлүм башчы, башкы адис юрист, Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси, мал чарбачылыгы боюнча адис ) кызмат орундарынын топторуна кадрлар резервине киргизүү үчүн
Ачык сынак жарыялайт
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиш керек:
Мыйзамдарда белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келүүгө:
Башкы административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
– Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин;
–“Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын;
–“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын;
-“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы;
- “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын.
Улук административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
–“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
-“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” мыйзамын;
-“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча Типтүү нускаманы;
Кенже административдик муниципалдык кызмат орундары үчүн жалпы мыйзамдар:
– Кыргыз Республикасынын Конституциясын;
–“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын;
Квалификациялык талаптар
Башчысынын орун басары-жооптуу катчы (Б-А) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: 1 бирдик
2.1. Кесиптик билим деңгээли:
Жогорку кесиптик билим
-төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: “Гуманитардык илимдер” багытында “Юриспруденция”, “Филология” адистиктери боюнча жана “Экономика жана башкаруу” багытында “Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу”, “Менеджмент”, “Экономика” адистиктери боюнча жогорку билим.
2.2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
Квалификациялык талаптар
Бөлүм башчынын (У-А) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: 1 бирдик
2.1. кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку кесиптик билим
– төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку кесиптик билими: “Экономика жана менеджмент”, “Бухгалтердик эсеп жана аудит” боюнча жогорку билим.
2.2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Квалификациялык талаптар
Жер ресурстары жана өсүмдүк өстүрүү боюнча башкы адиси (У-Б) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: 1 бирдик
2.1. кесиптик билимдин деңгээли:
Жогорку кесиптик билим
– төмөнкү чөйрөлөрдөгү башкы адиске – жогорку кесиптик билими: айыл чарба (агроном), жер багытындагы (картограф, жерге жайгаштыруу инженери), юриспруденция багытындагы.
2.2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– Башкы адиске: мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы
Квалификациялык талаптар
Башкы адис-юрист (У-Б) административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат: 1 бирдик
Жогорку кесиптик билим
2.1. кесиптик билимдин деңгээли:
– кесиптик билимдин адистиги (юриспруденция) кызмат оруну боюнча иш милдеттерине шайкеш келиши керек.
2.2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.
Квалификациялык талаптар
Мал чарбачылыгы боюнча адиси административдик муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө төмөнкү квалификациялык талаптар коюлат:
2.1. кесиптик билимдин деңгээли:
– төмөнкү чөйрөлөрдөгү жогорку же атайын орто кесиптик билими:
Мал чарбасы, ветеринария же зоотехник адистиктери боюнча жогорку же атайын орто билим.
2.2. Стажы жана иш тажрыйбасы:
– кенже кызмат орундары - иш стажына талаптар коюлбайт
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
- өзүнүн арызы;
- резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;
- нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
- илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;
- паспорттун көчүрмөсү (Түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт).
Талапкерлердин документтери жарыяланган күндөн тартып 10 (он) жумушчу күндүн ичинде сынакттык комиссия тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.
Дареги: Кашка-Суу айылы Туюук көчөсү №15. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн мекемеси. Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш номерлер:
Көк-Арт айыл өкмөтү чыгыш тарабында, батышында Ленин айыл өкмөтү, Тайгараев айыл өкмөтү, түштүктөн Көк-Жангак шаардык мэриясы,түндүгүнөн Кыз -Көл,Ленин айыл өкмөтү Райондун борборунан 25 км , областтын борборунан 18 км