Жарандардын кайрылууларын ыкчам кароо боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлдү

747604754 1642599997431791 300313673936601016 n

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Б. Кенжебаевдин 2026-жылдын 7-июлундагы ыкчам аппараттык кеңешмеде берген тапшырмасына ылайык, Чоң-Алай районунда ведомстволор аралык комиссия түзүлдү.

Ошондой эле комиссияны түзүүдө Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-апрелинде Чоң-Алай районунун тургундары менен өткөргөн жолугушуусунун жыйынтыгында бекитилген иш-чаралар планын сапаттуу жана өз убагында аткаруу максаты эске алынды.

Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т. Шамыркановдун 2026-жылдын 9-июлундагы №067 буйругу менен түзүлгөн комиссиянын негизги милдети — жарандардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылууларын өз убагында, ар тараптуу жана сапаттуу карап чыгуу, ошондой эле көтөрүлгөн маселелердин мыйзам чегинде чечилишин камсыз кылуу.

Бекитилген иш-чаралар планына ылайык, жарандардын кайрылуулары боюнча жүргүзүлүп жаткан иштерди 2026-жылдын июль айынын аягына чейин толугу менен жыйынтыктоо пландалууда.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген