Укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңешменин отуруму өттү

732675392 1172462268403792 4095965146757078973 n

29-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму өткөрүлдү.

Отурум Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, Координациялык кеңешменин төрагасы Б.Ж. Бакыбековдун төрагалыгы алдында өттү.

Жыйынга Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы А.Б. Бекбулатов, Чоң-Алай районунун прокурору А.Б. Сыдыков, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.К. Сарыков, ошондой эле Координациялык кеңешменин мүчөлөрү катышты.

Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:

  • укук бузуулардын алдын алуу;
  • үй-бүлөлүк зомбулуктун жана башка зордук-зомбулук көрүнүштөрүнүн алдын алуу;
  • балдарга карата жана балдар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу;
  • алдамчылык кылмыштарынын алдын алуу;
  • экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү.

Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматы угулуп, күн тартибине киргизилген маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.

Отурумдун жыйынтыгында укук бузуулардын алдын алуу багытындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга, мекемелер аралык кызматташууну күчөтүүгө жана профилактикалык иш-чараларды активдештирүүгө багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген