29-июнда Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын алдында укук бузуулардын алдын алуу боюнча Координациялык кеңешменин кезектеги отуруму өткөрүлдү.
Отурум Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары, Координациялык кеңешменин төрагасы Б.Ж. Бакыбековдун төрагалыгы алдында өттү.
Жыйынга Чоң-Алай райондук сотунун төрагасы А.Б. Бекбулатов, Чоң-Алай районунун прокурору А.Б. Сыдыков, Чоң-Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы З.К. Сарыков, ошондой эле Координациялык кеңешменин мүчөлөрү катышты.
Күн тартибинде төмөнкү маселелер каралды:
- укук бузуулардын алдын алуу;
- үй-бүлөлүк зомбулуктун жана башка зордук-зомбулук көрүнүштөрүнүн алдын алуу;
- балдарга карата жана балдар тарабынан жасалган кылмыштардын алдын алуу;
- алдамчылык кылмыштарынын алдын алуу;
- экстремизмге жана терроризмге каршы күрөшүү.
Жыйындын жүрүшүндө тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилеринин маалыматы угулуп, күн тартибине киргизилген маселелер боюнча кеңири талкуу жүргүзүлдү.
Отурумдун жыйынтыгында укук бузуулардын алдын алуу багытындагы иштердин натыйжалуулугун жогорулатууга, мекемелер аралык кызматташууну күчөтүүгө жана профилактикалык иш-чараларды активдештирүүгө багытталган тиешелүү чечимдер кабыл алынды.


