«Акыркы коңгуроо» иш-чарасын коопсуз жана тартиптүү өткөрүү боюнча эскертүү

ChatGPT Image 22 июл. 2026 г., 10 29

Кашка-Суу айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө, ата-энелерге жана мугалимдерге!

«Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында төмөнкү аракеттерге жол берилбестигин эскертебиз:

  • бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден ар кандай максаттар үчүн акча каражаттарын чогултууга;
  • кымбат баалуу эс алуу жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштурууга;
  • автоунаалар менен кортеж уюштуруп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратууга;
  • коомдук тартипти бузууга;
  • окуучулардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү аракеттерге.

«Акыркы коңгуроо» майрамы жөнөкөй, маданияттуу, тартиптүү жана коопсуз шартта өткөрүлүшү зарыл.

Бардык ата-энелерди, бүтүрүүчүлөрдү, мектеп жетекчилерин жана мугалимдерди белгиленген талаптарды сактап, иш-чарага жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз.

Балдардын коопсуздугу — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!

Кашка-Суу айыл өкмөтү

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген