Кашка-Суу айыл аймагындагы жалпы билим берүү мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүнө, ата-энелерге жана мугалимдерге!
«Акыркы коңгуроо» салтанаттуу иш-чарасын өткөрүүдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, окуучулардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо, ошондой эле мыйзам бузуулардын алдын алуу максатында төмөнкү аракеттерге жол берилбестигин эскертебиз:
- бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден ар кандай максаттар үчүн акча каражаттарын чогултууга;
- кымбат баалуу эс алуу жана көңүл ачуу иш-чараларын уюштурууга;
- автоунаалар менен кортеж уюштуруп, жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч жаратууга;
- коомдук тартипти бузууга;
- окуучулардын өмүрүнө, ден соолугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү аракеттерге.
«Акыркы коңгуроо» майрамы жөнөкөй, маданияттуу, тартиптүү жана коопсуз шартта өткөрүлүшү зарыл.
Бардык ата-энелерди, бүтүрүүчүлөрдү, мектеп жетекчилерин жана мугалимдерди белгиленген талаптарды сактап, иш-чарага жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырабыз.
Балдардын коопсуздугу — жалпыбыздын жоопкерчилигибиз!
Кашка-Суу айыл өкмөтү