2026-жылдын 29-июнунда Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттигинин төрагасы Н. Базарбаева, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын начальниги Б. Алайчиев, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А. Абдирашитов, акимдин орун басары Б. Бакыбеков, ошондой эле район аксакалдары катышты.
Архивдин тарыхы
Чоң-Алай району 1992-жылдын 27-февралындагы №764-ХП токтомунун негизинде өз алдынча район болуп түзүлгөн.
Ушуга байланыштуу 1992-жылдын 22-июнундагы №33 буйрук менен Чоң-Алай райондук архив бөлүмү уюштурулган. Ал эми 2002-жылдын 29-апрелиндеги №264 токтомго ылайык мекемеге «Чоң-Алай райондук мамлекеттик архиви» макамы ыйгарылган.
Долбоордун негизги максаты
- архивдик документтерди талапка ылайык сактоо үчүн заманбап шарттарды түзүү;
- архивдик материалдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
- жарандарга көрсөтүлүүчү архивдик кызматтардын сапатын жогорулатуу;
- тарыхый жана документалдык мурастарды келечек муундарга сактап калуу;
- архив кызматкерлеринин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.
Каржылоо булактары
Долбоорду каржылоо төмөнкү мекемелер жана фонддор тарабынан камсыздалды:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттиги;
- Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы;
- Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду;
- Ош облусунун өнүктүрүү фонду.
Долбоордун жалпы сметалык баасы
13 400 000 сом
Күтүлүүчү натыйжалар
Жаңы архив имараты пайдаланууга берилгенден кийин:
- архивдик документтерди талаптарга ылайык сактоого шарт түзүлөт;
- документтердин бузулуу жана жоголуу коркунучу азаят;
- жарандарга көрсөтүлүүчү архивдик кызматтардын сапаты жогорулайт;
- архив кызматкерлеринин иштөө шарттары жакшырат;
- тарыхый мурастарды келечек муундарга ишенимдүү сактоо мүмкүнчүлүгү кеңейет.
Долбоордун абалы
Ишке ашырылууда — курулушка капсула салынды
Долбоордун багыты
Мамлекеттик инфраструктура жана архив иши
Долбоордун жайгашкан жери
Чоң-Алай району
Ишке ашыруучу мекеме
Чоң-Алай райондук мамлекеттик архиви жана тиешелүү архив мекемелери
Негизги көрсөткүч
Заманбап талаптарга жооп берген жаңы административдик архив имараты курулат




