Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин жаңы административдик имаратын куруу

732453550 1855643112062285 6909203956169088772 n

2026-жылдын 29-июнунда Чоң-Алай райондук мамлекеттик архивинин жаңы административдик имаратынын курулушуна капсула салуу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттигинин төрагасы Н. Базарбаева, Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгынын начальниги Б. Алайчиев, Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын биринчи орун басары А. Абдирашитов, акимдин орун басары Б. Бакыбеков, ошондой эле район аксакалдары катышты.

Архивдин тарыхы

Чоң-Алай району 1992-жылдын 27-февралындагы №764-ХП токтомунун негизинде өз алдынча район болуп түзүлгөн.

Ушуга байланыштуу 1992-жылдын 22-июнундагы №33 буйрук менен Чоң-Алай райондук архив бөлүмү уюштурулган. Ал эми 2002-жылдын 29-апрелиндеги №264 токтомго ылайык мекемеге «Чоң-Алай райондук мамлекеттик архиви» макамы ыйгарылган.

Долбоордун негизги максаты

  • архивдик документтерди талапка ылайык сактоо үчүн заманбап шарттарды түзүү;
  • архивдик материалдардын коопсуздугун камсыз кылуу;
  • жарандарга көрсөтүлүүчү архивдик кызматтардын сапатын жогорулатуу;
  • тарыхый жана документалдык мурастарды келечек муундарга сактап калуу;
  • архив кызматкерлеринин иштөөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү.

Каржылоо булактары

Долбоорду каржылоо төмөнкү мекемелер жана фонддор тарабынан камсыздалды:

  • Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине караштуу Архив агенттиги;
  • Архив кызматынын Ош региондук башкармалыгы;
  • Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду;
  • Ош облусунун өнүктүрүү фонду.

Долбоордун жалпы сметалык баасы

13 400 000 сом

Күтүлүүчү натыйжалар

Жаңы архив имараты пайдаланууга берилгенден кийин:

  • архивдик документтерди талаптарга ылайык сактоого шарт түзүлөт;
  • документтердин бузулуу жана жоголуу коркунучу азаят;
  • жарандарга көрсөтүлүүчү архивдик кызматтардын сапаты жогорулайт;
  • архив кызматкерлеринин иштөө шарттары жакшырат;
  • тарыхый мурастарды келечек муундарга ишенимдүү сактоо мүмкүнчүлүгү кеңейет.

Долбоордун абалы

Ишке ашырылууда — курулушка капсула салынды

Долбоордун багыты

Мамлекеттик инфраструктура жана архив иши

Долбоордун жайгашкан жери

Чоң-Алай району

Ишке ашыруучу мекеме

Чоң-Алай райондук мамлекеттик архиви жана тиешелүү архив мекемелери

Негизги көрсөткүч

Заманбап талаптарга жооп берген жаңы административдик архив имараты курулат

Appeal form

Required fields are marked with an asterisk*.


Форма Обращения

Обязательные для заполнения поля отмечены звездочкой*


Кайрылуу формасы

Милдеттүү талаалар жылдызча* менен белгиленген