2026-жылдын 27-майында Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т. Шамырканов Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасына ылайык, Ачык-Суу айылындагы Миң-Жар каналынын оңдоо иштери менен жеринен таанышты.
Көп жылдан бери эл күткөн бул каналдын оңдоо иштерине Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду тарабынан 6 700 000 сом акча каражаты бөлүндү. Учурда каналдын 6,5 чакырым аралыктагы казуу иштери жүргүзүлүп, ошондой эле ГВС дамбасынын курулуш иштери кызуу жүрүп жатат.
Долбоордун негизги максаты
- сугат суу жетпей келген жерлерди суу менен камсыз кылуу;
- айыл чарба багытындагы пайдаланылбай жаткан жерлерди өздөштүрүү;
- дыйкандар үчүн ыңгайлуу шарт түзүү;
- аймактын айыл чарба потенциалын жогорулатуу;
- районду социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө өбөлгө түзүү.
Каржылоо булагы
Чоң-Алай райондук өнүктүрүү фонду
Долбоордун бюджети
6 700 000 сом
Аткарылып жаткан иштер
- каналдын 6,5 чакырым бөлүгүндө казуу иштери;
- ГВС дамбасынын курулушу;
- сугат системасын калыбына келтирүү жана жакшыртуу.
Күтүлүүчү натыйжалар
Долбоор толук аяктагандан кийин:
- 1400 гектар жер аянты сугат суу менен камсыз болот;
- буга чейин пайдаланылбай келген жерлер өздөштүрүлөт;
- дыйкандар үчүн айыл чарба иштерин жүргүзүүгө жакшы шарт түзүлөт;
- айыл чарба өндүрүшүнүн көлөмү көбөйөт;
- аймактын өнүгүшүнө олуттуу салым кошулат.
Долбоордун абалы
Ишке ашырылууда
Долбоордун жайгашкан жери
Ачык-Суу айылы, Чоң-Алай району
Негизги көрсөткүч
1400 гектар жер сугат суу менен камсыз болот



