Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким М.Т. Шамыркановдун тапшырмасына ылайык, аймактын санитардык абалын жакшыртуу, айлана-чөйрөнүн тазалыгын камсыз кылуу жана көрктөндүрүү иштерин күчөтүү максатында 2026-жылдын 30-майында район боюнча жалпы ишембилик өткөрүлөт.
Ишембиликтин алкагында Дароот-Коргон айылындагы Мама участкасындагы токойдун ичи, «Кызыл-Суу» дарыясынын жээгиндеги токой аймагы, ошондой эле район аймагындагы алдын ала бөлүнгөн участоктор тазаланат.
Иш-чарага Чоң-Алай районундагы мамлекеттик мекеме-уюмдардын кызматкерлери катышып, өздөрүнө бекитилген аймактарда тазалоо жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүшөт.
Иш-чаранын негизги максаты:
- район аймагындагы айылдарда жана калктуу конуштарда тазалыкты камсыз кылуу;
- айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу;
- коомдук жоопкерчиликти жана биримдикти бекемдөө;
- аймактарды көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу.
Райондун бардык тургундарын, мекеме-уюмдардын кызматкерлерин жана активдүү жарандарды жалпы ишембиликке катышып, айлана-чөйрөнүн тазалыгына өз салымын кошууга чакырабыз.
Ар бирибиз экологиянын келечеги үчүн жоопкерчиликтүүбүз. Таза аймак — жаркын келечектин башаты!
Өткөрүлүүчү күнү: 30-май, 2026-жыл
Башталышы: алдын ала бекитилген график боюнча
Өтүүчү жери: Чоң-Алай районунун бардык аймактары
Кашка-Суу айыл өкмөтү