Кашка-Суу айыл аймагында накталай эмес эсептешүүлөрдү жана QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүнү жайылтуу иштери жүргүзүлүүдө.
Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2023–2027-жылдарга карата накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүү боюнча мамлекеттик программасынын алкагында ишке ашырылууда.
QR-код аркылуу төлөм жүргүзүүнүн артыкчылыктары:
- төлөмдөрдү тез жана коопсуз жүргүзүү;
- убакытты жана каражатты үнөмдөө;
- накталай акча алып жүрүү зарылдыгын азайтуу;
- жарандар жана ишкерлер үчүн заманбап, ыңгайлуу кызматтарды колдонуу.
Бардык ишкерлерди жана жарандарды өлкөнүн санариптик өнүгүүсүнө салым кошуп, накталай эмес төлөмдөргө өтүүгө чакырабыз!
Бүгүнкү күндөн тартып жайыт жыйымдарын QR-код аркылуу төлөө мүмкүнчүлүгү ишке киргизилди.
📱 Төлөм жүргүзүү үчүн мобилдик тиркемеңизди ачып, тиешелүү QR-кодду сканерлеңиз.
Ыңгайлуу, тез жана коопсуз төлөм — бир кадамда!
